Меню
Эл-Сөздүк

Налоги местные

Жергиликтүү салыктар

Налоги местные

ЖЕРГИЛИКТҮҮ САЛЫКТАР – өз ишмердүүлүктөрүн өздөрүнө баш ийген аймактарда жүзөгө ашырып жатышкан жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары – жергиликтүү кеңештер аныктаган тартипте жана шарттарда салык төлөөчүлөр тарабынан жергиликтүү бюджетке төлөнүүчү милдеттүү төлөмдөр. Ж. с. жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жеке жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджетке алынуучу салык төлөмдөр тутумунун бир бөлүгү болуп саналат. Ж. с. тизмеси атайын мыйзамда аныкталган жана анда каралбаган башка салыктарды киргизүүгө жол берилбейт. Ж. с. өлчөмү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет. КР Салык кодексинде төмөнкү Ж. с. белгиленген: а) курорттук салык; б) кыймылсыз мүлк салыгы; в) жарнама салыгы; г) кумаржай салыгы; д) чекене соода жана калкка акылуу кызмат көрсөтүү салыгы; е) пайдаланылбай турган өндүрүштүк жана соода-турмуш тиричилик аянттарынан же алардын бир бөлүгү үчүн салынуучу салык; ж) жергиликтүү символиканы пайдалануу укугу үчүн салык; з) күнөскана шарттарында гүл өстүрүп, элге сатуучу жарандардан алынуучу салык; и) мейманкана салыгы; к) балык уулоо жана аңчылык кылуу укугу үчүн салык; л) алыскы чет өлкөлөргө чыгуучу туристтерден алынуучу салык; м) унаа каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык; н) көрмө салондордон жана көңүл ачуучу-концерттик ишчараларга салык салуу. Чарба жүргүзүүчү баардык субъекттер, чет өлкөлүктөрү дагы, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын аймактарында тигил же бул ишмердүүлүктү жүзөгө ашырып жатышкан жарандар Ж. с. төлөөчүлөр болуп саналышат. Кирешелер; белгилүү товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) баасы; салык төлөөчүлөрдүн айрым ишмердүүлүктү түрлөрүнө укуктары жана мыйзам актылары менен белгиленген жана башка объекттер салык салуунун объекттери болуп саналат. Юридикалык жактар Ж. с. банк мекемелери аркылуу накалай эмес эсептешүү тартибинде төлөшөт. Жеке жактар аларды накалай каражат түрүндө Аманат банк мекемелерине же башка калктан төлөмдөрдү алуу милдети тагылган мекемелерге төгүшөт. Ал каражаттарды салык органдарынын алуусуна жол берилбейт.

Примеры переводов: Налоги местные

Русский Кыргызский
Местные кенеши Жергиликтүү кеңештер
Местные власти Жергиликтүү бийликтер
Почему местные советы нужны? Жергиликтүү кеңештер эмне үчүн керек?
Верховный суд и местные суды. Жогорку Сот жана жергиликтүү соттордон турат.
Налоги и платежи, сопровождающие выполнение договора Макулдашууну аткаруудагы салыктар менен төлөмдөр
Чтобы сохранить и защитить имеющиеся местные ресурсы; Колдо болгон жергиликтүү ресурстарды сактап калуу жана коргоо;
я) Все местные и республиканские бюджетные учреждения. 1) республикалык жана жергиликтүү бардык бюджеттик уюмдардын эсебин алуу;
Для целей оценки местные налоги должны быть исключены из цены. Баа берүү максатында нарктан жергиликтүү салыктар алып салынат.
налоги, предусмотренные законодательством Кыргызской Республики. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салыктар кирет.
И все же это государственные налоги людей для того, чтобы хлеб дороже. Эми бул өкмөт нанды кымбат кылуу үчүн элди салык төлөтүп жатат.
Ваша партия должна хорошо организованы и имеют активные местные кадры. Партияныз мыкты деңгээлде уюштурулуп, анда жигердүү адистер иштеши керек.
Жогорку Кенеш Кыргызской Республики имеет право устанавливать налоги. Салыктарды белгилөө укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таандык.
Местные государственные администрации и местные советы имеют право на: Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укуктуу:
Местные кенеши действуют независимо от местной государственной администрации. Жергиликтүү кеңештер жергиликтүү мамлекеттик администрацияга көз каранды эмес.
Местные органы самоуправления должны сохранить инвентаризации муниципального имущества. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине ээ болууга милдеттүү.
Местные государственные администрации и местные советы реализовать на соответствующей территории: Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта жүзөгө ашырат:
Люди не одобряли значительной части государственных расходов и парламент не стремится ввести налоги. Эл мамлекеттик чыгымдардын көпчүлүк бөлүгүн жактырбагандыктан, Парламент элге салык салуудан баш тарткан.
назначает выборы в местные кенеши и осуществляет их роспуск под обстоятельств, изложенных в законе КР; жергиликтүү кеңештерге шайлоону дайындайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда аларды таркатат;
Местные органы самоуправления должны оказывать всестороннюю помощь и поддержку в создании партнерства. Жергиликтүү бийлик органдары шериктиктин түзүлүшүнө ар тараптан жардам жана көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Местные отделы и лидеры политических партий в Непале имеют очень ограниченные ресурсы для предвыборной. Непалдагы саясий партиялардын жергиликтүү бирдиктеринин жана жолбашчыларынын шайлоо алдындагы өнөктүктү жүргүзүү үчүн ресурстары жетишсиз.

Примеры переводов: Налоги местные

Русский Английский
Местные кенеши Local keneshes
Местные власти Local Authorities
Почему местные советы нужны? Why are local councils needed?
Верховный суд и местные суды. The Supreme Court and local courts.
Налоги и платежи, сопровождающие выполнение договора Taxes and payments accompanying the execution of an Agreement
Чтобы сохранить и защитить имеющиеся местные ресурсы; To preserve and protect available local resources;
я) Все местные и республиканские бюджетные учреждения. i) All local and republican budget institutions.
Для целей оценки местные налоги должны быть исключены из цены. For the purpose of evaluation the local taxes shall be excluded from the price.
налоги, предусмотренные законодательством Кыргызской Республики. taxes provided for by the Kyrgyz Republic legislation.
И все же это государственные налоги людей для того, чтобы хлеб дороже. And yet this government taxes the people in order to make bread more expensive.
Ваша партия должна хорошо организованы и имеют активные местные кадры. Your party should have well organized and have active local cadres.
Жогорку Кенеш Кыргызской Республики имеет право устанавливать налоги. The Jogorku Kenesh of the Kyrgyz Republic has the right to establish taxes.
Местные государственные администрации и местные советы имеют право на: Local state administrations and local councils have a right to:
Местные кенеши действуют независимо от местной государственной администрации. Local keneshes act independently from local state administration.
Местные органы самоуправления должны сохранить инвентаризации муниципального имущества. Local self-government bodies must keep an inventory of municipal property.
Местные государственные администрации и местные советы реализовать на соответствующей территории: Local state administrations and local councils realize on correspondent territory:
Люди не одобряли значительной части государственных расходов и парламент не стремится ввести налоги. The people disapproved of a great part of the government expenditures and Parliament was not anxious to impose taxes.
назначает выборы в местные кенеши и осуществляет их роспуск под обстоятельств, изложенных в законе КР; calls elections to local Keneshes and carries out their early dissolution under the circumstances set forth in the law of the Kyrgyz Republic;
Местные органы самоуправления должны оказывать всестороннюю помощь и поддержку в создании партнерства. Local self-government bodies shall provide comprehensive assistance and support in creation of partnerships.
Местные отделы и лидеры политических партий в Непале имеют очень ограниченные ресурсы для предвыборной. Local units and leaders of political parties in Nepal have very limited resources for electioneering.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: